26- Март 2005 -жылы Чүй өрөөнүнүн Кемин районунда эл толкуп, 1000ге жакын адам Бишкекти карай багыт алышкан
Чүй өрөөнүнүн Кемин районунда эл толкуп, 1000ге жакын адам Бишкекти карай багыт алышкан. Алар өлкөдөгү Конституциялык түзүлүштүн бузулбастыгын талап кылышкан. Жүрүш катышуучулары түштөн кийин Чүй өрөөнүнүн Чымкоргон айылына чейин келип токтошкон. Алар менен Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова жана Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Тургунбек Кулмурзаев жолугушкандан кийин жүрүшкө чыккандар үйлөрүнө тарашкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан