Вена шаарында өткөн хоккей оюну боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн ат салышта СССРдин командасы канадалыктарды 2:1 эсеби менен жеңген. Анатолий Фирсов менен Вячеслав Полупанов киргизген шайбалар канадалыктардын жеңишке болгон арзуусуна чекит койгон жана бул оюн эки өлкөнүн андан кийинки эпопеялык хоккей таймашына жол ачкан.