Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Бакен Кыдыкеева, Анвар Куттубаева, Сүймөнкул Чокморов атындагы республикалык сыйлыктардын лауреаты, театр жана кино артисти Гүлмира Ташматова Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Тайгараев айылында туулган. Гүлмира Ташматова 1981-жылы айылынан орто мектепти аяктагандан кийин, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга өткөн. 1983-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктагандан кийин, ошол эле жылы кайрадан ачылган Ысык-Көл облустук драма театрына ишке кирет.
Театрда эки жылдай эмгектенген соң 1985-жылы Москва шаарындагы Малый театрдын М.С.Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайына “Театр жана киноактёру” бөлүмүнө өтөт.
1989-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктап келип, Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында кайрадан жаңы ачылган Кыргыз мамлекеттик жаштар жана жекткинчектер театрына (ТЮЗ) кабыл алынган.
Ал комедиядан тартып бийик драмага чейинки түрдүү диапозондогу образдарды жеткиликтүү аткарган көп кырдуу таланттардын катарынан орун алган.
Гүлмира Ташматованын театрдагы ролдорунун ичинен эң көрүнүктүү чыгармачылык ийгилиги катары “Талант жана тагдыр” (авт.Ж.Кулмамбетов) драмасындагы кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкееванын ролун көрсөтүүгө болот.
Ал эми кинодогу эң ийгиликтүү ролдорунун катарына “Чыңгыз менен Бүбүсарадагы” Алмакан, “Жараланган турналардагы” Зууракан, “Токолдор тополоңундагы” Бурулай, “Кыз жигиттеги” Нуркамалдарды кошууга болот.