29- Март 2010 -жылы
Бийчи Атай Өмүрзаковду президент Курманбек Бакиев кабыл алган
Орусиядагы популярдуу "Даңк мүнөтү" (“Минута славы”) теледолбоорунда кыргыздардын атын чыгарып келген бийчи Атай Өмүрзаковду президент Курманбек Бакиев кабыл алган. Таланттуу бийчиге президент мындан ары материалдык жактан колдоо көрсөтүүнү убада кылып гана тим болбостон, баш калаадан 2 бөлмөлүү үй белек кыла турганын айткан.