29- Март 2013 -жылы Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 1 жыл 6 айга, Талант Мамытовду 1 жылга кескен
2012-жылы 3-октябрда "Кумтөр" кенин улутташтыруу максатында тынч митинг өткөрүлүп, андагы аракеттери үчүн "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөдү" деп Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов абакка алынган. Биринчи Май райондук соту 2013-жылдын 29-мартында Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 1 жыл 6 айга, Талант Мамытовду 1 жылга кескен. Ал эми ошол эле жылдын 17-июнунда апелляциялык арызды кароодо Бишкек шаардык сотунун судьялары айыпталуучуларды сот залынан бошоткон. Бул актоону көп узабай Жогорку Сот жокко чыгарган. Акыркы инстанциядагы соттук чечим 6-августта угузулуп, анда Биринчи Май райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылган. Ошентип, үч депутат 20-августта БШК тарабынан мандатынан ажыратылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан