27- Февраль 1961 -жылы Кыргыз кинорежиссёру, сценарист, продюсер Эрнест Абдыжапаров төрөлгөн
Кыргыз кинорежиссёру, сценаристи, продюсери Эрнест Абдыжапаров Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. 1983-жылы Фрунзедеги Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун аяктап, мектеп мугалими болуп эмгектенген.
1988-жылы Эрнест Абдыжапаров "Көрөгөч" киножурналынын директорунун ордун ээлеген. 1992-жылдан тарта "Кыргызфильм" киностудиясынын редактору, кийинки жылы жаштардын "Умай" чыгармачылык фондун жетектеп баштаган. Ал эми 1999-жылы Эрнест Абдыжапаров өзүнүн студиясын ачкан. 1999-жылдан 2001-жылга чейин Кыргыз кинематографисттердин союзунун секретары, 2001-жылдан 2002-жылга чейин "Кыргызфильм" киностудиясынын башкы редактору болуп эмгектенген.
Эрнест Абдыжапаровдун тасмалары: 
1993 — "Менин Пирим Алманбет"
1995 — "Таранчы"
1995 — "Беш-терек"
1995 — "Хрупкий лес"
1996 — "Подземный переход"
1997 — "Альгамбра"
2000 — "Остановка"
2000 — "Босого"
2001 — "Обезьяна Актана"
2002 — "Мария, дочь Моисея"
2004 — "Саратан"
2007 — "Боз салкын"
2009 — "Город мечты"
2009 — "Уурунун махабаты"
2010 — "Гаишники, фильм 11: Иссык-кульский бешбармак"
2011 — "Күкүк Шахра"
2013 — "До+Фа"
2013 — "Такси жана телефон" жана башка.
Эрнест Абдыжапаровдун тасмалары 20дан ашык эл аралык фестивалдарга катышкан. "Таранчы" кыскаметраждуу тасмасы бир нече фестивалдардын жана эл аралык кинематографиялык уюмдардын сыйлыктарын топтогон:
— Кыскаметраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалынын гран-приси, Драма, Греция - 1996
— FICC жана Германиянын Католик тасмасы сыйлыктары, Германия — 1997
— C.I.C.A.E. сыйлыгы эң мыкты тасма үчүн наамы — 1998
Ал эми "Айыл өкмөтү" тасмасы бир нече фестивалдарда сыйлык алган:
— "Дидор" МКФ Гран-приси, Душанбе, Тажикистан - 2004
— Эң мыкты сценарий үчүн сыйлык, "Киношок", Анапа, Орусия — 2004
— Эң мыкты режиссёрлук иш үчүн сыйлык, МКФ "Новое кино. XXI век", Смоленск, Орусия — 2004
— Алтын жылдыз, Марракешедеги эл аралык кинофестиваль — 2005
— Жюрини атайы сыйлыгы, "Евразия", Алматы, Казакстан — 2005
Мындан сырткары:
— Кыргызстан жаштары премиясынын лауреаты - 2001
— "Боз салкын" тасмасы үчүн Гран-при, Котбусск фестивалы — 2007, 
— "Боз салкын" тасмасы үчүн эң мыкты сценарий үчүн сыйлык, "Киношок" — 2008 жана башка.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан