31- Март 1958 -жылы Мурдагы ички иштер министри, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев төрөлгөн
Мурдагы Ички иштер министри, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев төрөлгөн. Кичи мекени Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай айылы. 
Билими – жогорку, Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде билим алган. Юридикалык илимдердин кандидаты. 
1979-жылдан тартып ички иштер органында иштеп, мамлекеттик банктын сакчысы, аймактык инспектор кызматтарын өтөгөн. 1993-жылдан тартып Жалал-Абад ШИИБинин начальнигинин орун басары, 1995-жылдан тарта аталган облустун ИИББинин кылмышкерди издөө бөлүмүнүн начальниги, 1998-жылы ошол эле башкармалыктын кадрлар бөлүмүнүн башчысы, андан соң ИИМдин жергиликтүү органдарында жана борбордук аппаратта ар кандай жетекчилик кызматтарын аркалаган. “Тюльпан революциясынан” кийин 2005-жылы М.Конгантиев Бишкек ШИИБинин начальниги болуп дайындалган. Ал бул кызматында 2008-жылдын январь айына чейин иштеген. Мындан кийин Кыргызстандын ички иштер министри болуп бекиген. 2010-жылдын 6-апрелинде оппозициячылардын митинги өтүп жаткан Талас шаарына барып, 7-апрелге караган түнү оппозициячылар тарабынан барымтага алынып, катуу сабалган. Бир канча күндөн кийин аялы аны 40 000 долларга оппозициячылардан сатып алып, Казакстанга багыт алган. 26-апрель күнү Кыргызстандын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан Москвадан кармалып, Бишкекке алынып келинген. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан