1- Апрель 1905 -жылы Бельгиянын 3 жолку премьер-министри Гастон Эйскенс туулган
Бельгиянын 3 жолку премьер-министри Гастон Эйскенс туулган. Эйскенс Лёвен католиктик окуу жайын жана магистрдик даражада Колумбия университетин аяктаган. 1931-жылдан тарта Лёвен окуу жайында профессор, кийинчерээк экономика факультетинин деканы болуп иштеген. 1939-жылы Католиктик блоктун Өкүлдөр палатасына тандалган. 1945 жана 1947-1949-жылдары Финансы министри, 1950-жылы Экономика министри болгон. Ошондой эле 1947-1949-жылдары өлкөнүн премьер-министри болгон. 1949-жылы 11-августта өзүнүн биринчи өкмөтүн түзүп, бирок 1950-жылдын 8-июнунда отставкага кеткен. Ал экинчи жолу премьер-министрликке 1958-жылы келген жана анын кабинети 3 жыл иш алып барган. 1968-жылдын 17-июнунда Эйскенс 3-жолу өкмөт башчылыгына келип, 1973-жылдын 26-январында кызматынан кеткен. Анын улуу баласы Марк Эйскенс дагы 1981-жылы 8 ай аралыгында Бельгиянын премьер-министри боло алган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан