3- Апрель 1946 -жылы Польшанын премьер-министрлик кызматын ээлеген жалгыз аял Ханна Сухоцкая туулган
Польшанын премьер-министрлик кызматын ээлеген жалгыз аял Ханна Сухоцкая Польшадагы Плешев шаарында туулган. Ал Польшанын бешинчи премьер-министри жана конституциондук укук чөйрөсүндө мыкты адис болгон. Премьерликке 1992-жылы келип, 1993-жылдын 25-октябрына чейин иштеген. Аял кишинин өкмөт башына келиши ал убакта кадыресе жат көрүнүш болгон. Бирок буга карабай Сухоцкая ийгиликтерге жетише алган. Ал дүйнөлүк лидерлерден турган Аялдар кеңешинин жана Мадрид клубунун мүчөсү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан