Ош шаарында ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Уран Алиев белгисиз кылмышкерлердин огунан каза тапкан. Киллерлер таңкы үчтөр чамасында үйүнүн подъездине кирип бараткан Уран Алиевге жана айдоочусуна ок жаадырышкан. Алиевдин денесине 2, башына 4 ок тийип ошол жерден каза болсо, айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген.