3- Апрель 1941 -жылы Венгер саясатчысы Телеки Пал өзүн өзү өлтүргөн
Венгер саясатчысы, мурдагы премьер-министр Телеки Пал Германия менен Югославиянын ортосундагы согушка Венгрияны аралаштырбоону алдын ала албай калып, өзүн өзү өлтүргөн. 
Телеки Пал 1879-жылы төрөлгөн. Будапешт университетинде география багытында билим алып, Алыскы Чыгыш атласын (географиялык карта) басып чыгарган. 1910-жылдан тартып Венгрия илимдер академиясынын мүчөсү болгон. 1919-жылы Венгриянын советтик бийлик менен болгон күрөшүнө активдүү катышкан. 1920-жылы Венгриянын премьер-министри жана тышкы иштер министри кызматын аткарып, 1922-жылы Будапешт университетинде окутуучулук менен алектенген. 1939-жылы кайрадан өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалып, 1940-жылы Югославия менен түбөлүк достошуу тууралуу келишимге кол койгон. 1941-жылы Германия көшөрүп, Венгрияны Югославия менен болгон согушка тартууга аракет кылган. Бирок Телеки аны алдын ала алган эмес. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан