4- Апрель 1841 -жылы
АКШнын 9-президенти Уильям Генри каза болгон
АКШ бийлигинде аз гана убакыт турган президент Уильям Генри ант бергенден 1 ай өтүп каза тапкан. Көз карандысыздык үчүн согушуна чейинки төрөлгөн акыркы президент Уильям Генри Гаррисон 1773-жылы 9-февралда туулган. Анын атасы америка саясатына активдүү катышкан плантатор болгон. Уильям Генри 1791-жылы аскерде кызмат өтөп, генерал Уэйндин адьютанты болгон. 1798-жылы отставкага кетип, саясатка аралашып батшаган. Индиананын губернатору болуудан баштаган Генри 1816-1819-жылдары Огайонун өкүлдөр палатасынын мүчөсү жана 1824-1828-жылдары сенатор болууга жетишкен. 1836-жылы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, жеңилип калган. Бирок кийинки жолу 1840-жылы президенттикке ат салышканында толук жеңишке жетишип, эл башына 68 жашында келген. 4-март күнү аба ырайынын сууктугуна карабай, 2 саат бою Американын тарыхындагы эң узун инаугурация сөзүн сүйлөгөн. Ал күндүн суугунан кабылган оорусу өтүшүп кетип, абалы начарлап, оорунун айынан каза тапкан. Гаррисон АКШ бийлигинде болгону 32 күн, 12 саат жана 30 мүнөт турган жана ал президенттик кызматта туруп каза болгон биринчи президент болгон.