5- Апрель 1955 -жылы Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль өкмөт башчылыгынан кетүүгө арыз жазган
Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль саясий карьерасын жыйынтыктап, 80 жашында өкмөт башчылыгынан кетүүгө арыз жазган.
Уинстон Черчилль 1874-жылы 30-ноябрда Англиянын Бленхейм ак сарайында туулган. Тарыхта Черчилль өтө оор кырдаалда - Экинчи дүйнөлүк согуш маалында (1940-1945-жылдары) Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, фашисттик Германияга каршы күрөштү эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон мамлекеттик ишмер катары өзгөчө орун ээлеп калган.
Кийин да (1951-1955-жылдары) Черчилль Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, 1955-жылдын 5-апрелинда ал өкмөт башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын берген.
Ал эми 1964-жылы 27-июлда Уинстон Черчилль акыркы ирет Британ парламентинин лорддор үйүндө (палатасында) отурумга катышкан.
Өтөгөн эмгеги үчүн 1953-жылы 24-апрелде Черчиллге Британиянын канышасы "лорд" даражасын ыйгарат, ошондон тартып анын ысымына "сэр" деген сый наам кошулуп айтылып калган.
Саясаттан сырткары Черчиллдин ысымы адабиятта да калган. 1953-жылы 10-декабрда Черчилль адабият тармагындагы "Нобель" сыйлыгына татыган (ага атаандаш көрсөтүлгөн талапкер - америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй болгон, бул жазуучу кийинки жылы "Нобель" сыйлыгын алган).
Журналист, публицист, жазуучу, сүрөтчү, коомдук ишмер, мыйзамчы, Англиянын эки жолку өкмөт башчысы, адабият тармагында "Нобель" сыйлыгынын ээси Уинстон Леонард Спенсер Черчилль 1965-жылы 24-январда көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан