Америкалык актриса Элизабет Тейлор Розмонд Лондон шаарында туулган. Болочок жылдыз Элизабет Тейлордун ата-энеси америкалык мигранттар болгон. Атасы Френсис живопись жана скульптураларды алып сатуучу (арт-дилер), энеси Сара актриса болгон. Атасы Лондондо музей ачууну, сүрөттөрүн сатууну көздөгөндүктөн үй-бүлө Америкадан Лондонго көчүп келишет. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен алар кайрадан өз мекенине кетүүгө мажбур болушат. Үй-бүлөнүн досу Элизабеттин актрисалык талантын байкап, аны 9 жашынан кино дүйнөсүнө алып келет. Тейлор өмүрүндө 69 тасмада роль жаратып, эки жолу "Оскар" сыйлыгын алган. Актрисанын жылдызы 1950-1960-жылдары өзгөчө жанган. 1961-жылы Египет ханышасы Клеопатранын ролун жаратып, дүйнөлүк атактуулукту багынткан. Элизабет кино тарыхында гонорары миллион долларды чапчыган алгачкы актриса катары калган.