Франциянын сыймыгы эсептелген Эйфел мунарасы салтанат менен ачылган. Мунаранын конструктору Гюстав Эйфел темирден курулган мунаранын чокусуна жөө чыгып, Франциянын туусун орноткон.
Эйфел деген аты – көрүнүктүү жана кайталангыс инженер, анын түзүүчүсү Александр Гюстав Эйфелдин ысымына коюлган.
XIX кылымдын 80-жылдарынын аягында Франция өз борбор шаары Парижде Франциядагы Революциянын 100 жылдык мааракесине карата Бүткүл дүйнөлүк өндүрүштүк көргөзмөнү өткөрүүгө даярданат. Курулуш тармагы өнүгүп жаткан мамлекет экенинин далили катары кандайдыр бир эң көрүнүктүү курулуш көргөзмөгө келгендерге көрсөтүү зарыл эле. Кыска сөз менен айтканда зарыл монументти жаратуу керек болчу.
Ачылышына 5 жыл калганда Александр Гюстав Эйфель өзүнүн фирмасында иштешкен инженерлер Эмил Нугье жана Морис Кехлинге бийиктиги 300 метрден кем болбогон мунаранын конструкциясы боюнча ойлонууларын тапшырат.
1886-жылдын май айында Бүткүл дүйнөлүк өндүрүштүк көргөзмөнү өткөрүү боюнча өткөрүлгөн сынакта өзүнө окшогон жүздөгөн талапкерлердин ичинен Эйфелдин конструкциясы жеңип чыгып, биринчи орунду ээлейт.
Бир жыл өткөндөн кийин Париж бийлиги менен Эйфель келечектеги бүткөрүлүүчү мунараны 20 жылга ижарага алууга келишим түзүлөт, ошондой эле курулушка жумшоо үчүн бир жарым миллион алтын франк өлчөмүндө субсидия алат. Бирок, бул алган каражат курулушка кеткен чыгымдардын төрттөн бир бөлүгүн гана каптай алмак. Ошого байланыштуу Эйфель 5 миллион франк капитал өлчөмүндө акционердик коом түзөт. Ал капиталдын жарымы жеке өзүнө таандык эле.
Мунаранын курулушу 1887-жылы 27-январда башталып, ал катуу ылдамдык менен жүрүп турат. Ага керектелүүчү бардык элементтер жана темир-тезектер өтө так өлчөмдө өлчөнүп, Эйфелдин өзүнүн заводунда жасалаи. Мунара 18 миң элементтен туруп, 2 миллион кадоолор (заклепки) менен кадалган жана жалпы салмагы 10 миң тоннаны түзгөн. Оор түйүндөр жогору жакка атайын буу крандарынын жардамы менен чыгарылып турган.
Курулушта бир убакытта 250 жумушчу эң жогорку бийиктикте жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө да, кыш чилдесинин ызгаардуу суугунда да тынбай иштешкен. Ошол 5 жыл убактынын ичинде бир гана кокустук болуп, италиялык бир жумушчу мунарадан учуп өлгөн.
1887-жылдын 7-декабрына чейин 57 метр болгон мунаранын 1-кабаты гана бүткөрүлүп, 1888-жылдын 14-августуна карата 115 метр бийиктикте жайгашкан 2-кабаты курулуп бүткөрүлгөн. 1889-жылдын 31-мартында бийиктиги 300 метр бийиктиктеги гигант курулуш аяктаган.
Кабаттарга туристтерди алып чыгуу үчүн вертикалдык лифттер керектелген. 1 жана 2-кабаттарга ар ким өз аягы менен тепкичтер аркылуу деле чыкса болмок. Ар бири 80ден адам батырган 3 эки ярустуу лифт 2-кабат менен мунаранын ортосун бириктирип каттап турган. Дагы бир эки кабиналуу лифт туристтерди 3-кабатка жана эң чокусуна жеткирген. Эң алгач ал лифттер гидравликанын жардамы аркасында иштеген болсо, кийинчерээк электр кыймылдаткычтары менен алмаштырылган.
Париждин борборунда кандайдыр бир жагымсыз темир курулуштун башталарын угушкан көптөгөн маданият ишмерлери кыжаалат боло баштаган жана 1887-жылдын февраль айынын орто ченинде Александр Дюма уулу менен, Ги де Мопассан Шарл Гуно баш болгон кырктай адам бул мунаранын курулушуна каршы Петиция (“Петиция протеста”) жазып, аны басма бетине жарыялашат. Ал Петицияда алар бул мунара же болбосо Темир түтүктөр Париждин керемет касиетин бузат, бул уят! – деп көрсөтүшкөн.
Курулуш бүткөрүлүп, мунаранын тегерегиндеги талаш-тартыш сөздөр акырындап өчүп жок болгон. Ошончо жактырбоолорго карабай Улуу архитектуралык монумент болуп калган. Эйфелдин жаратып кеткени ушул күнгө чейин көптөгөн акын, композитор жана сүрөтчүлөрдүн көрүнүктүү эмгектерди жаратуусуна шык берип келет.
1893-жылы Гюстав Эйфель алтымышка толгон курагында өзүнүн жеке ишкердигин таштап, өзүн бүтүндөй илим изилдөөгө багыштоону чечет. Ал өзүнүн мунарасы илим үчүн да кызмат өтөөрүн аныктап көрсөткүсү келген.
Чынында да ал эбегейсиз зор жана кооз мунара париждиктер менен ага келген туристтердин көңүл ачып, куштарланып кетчү гана жайы болбостон, илим үчүн да кызмат өтөй баштайт...
Мисалы, анын чокусуна метеорологияны байкоочу станция жайгаштырылат. Мунара Фуко маятниги баш болгон көптөгөн физикалык тажрыйбаларды жүргүзүүгө да ылайыктуу болгон. Мунаранын эң жогорку кабатына Эйфель астрономиялык лабораторияны, өзүнө иш кабинети жана чаканыраак мейманкананы да жасаган.
Радионун өнүгүшүнө да бул мунара – чоң роль ойногон. Ушул жерден француз инженери Эжен Дюкрете аркылуу биринчи радиобайланыштар сеансы ишке ашкан. А 1906-жылы болсо туруктуу радиостанция негизделген. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Эйфель мунарасы душмандардын радиоберүүлөрүн кармап алууда олуттуу мааниге ээ болгон.
Гюстав Эйфель 1923-жылдын аягында каза болгон. Ал өлгөндөн кийин 2 жылдан соң мунарадан телекөрсөтүүлөрдү жиберүүнүн аракеттери болот. Андан 10 жыл өткөн соң 1935-жылы ушул эле жерден регулярдуу телекөрсөтүүлөр бериле баштайт.