1- Март 2014 -жылы
“Беш миң сом” кинокомедиясынын бет ачары болгон
“Беш миң сом” кинокомедиясынын бет ачары болгон. Ага белгилүү кыргыз киночулары, актёрлор, коомдук ишмерлер катышышкан. Тасманын узактыгы 1 саат 20 мүнөттү түзүп, анда 2004-жылдан 2014-жылга чейинки айыл турмушу чагылдырылган. Режиссёру – Эрнест Абдыжапаров, продюсери – Съездбек Искеналиев. Тасмада куудул Жамбыл Камчиев, ырчы Асел Турдалиева, алып баруучу Нурзат Токтосунова, ырчы Съездбек Искеналиев өңдүү белгилүү жүздөр роль жаратышкан.