1- Март 2014 -жылы Федералдык кеңеш Владимир Путиндин Украинанын аймагына куралдуу күчтөрдү киргизүү сунушун колдогон
Федералдык кеңеш Владимир Путиндин Украинанын аймагына куралдуу күчтөрдү киргизүү сунушун колдогон. Чечим бир добуштан кабыл алынып, ал күчүнө кирген.
Себеби Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов Орусия башчысынан коомдук тартипти сактоо үчүн жардам сурап кайрылган. Мындан улам Путин Украинанын аймагында Орусиянын куралдуу күчтөрүн колдонуу үчүн Федералдык кеңештен уруксат сураган. Кайрылууда Украинада орун алган ситуацияларга байланыштуу тиешелүү чараларды көрүү жана Орусия жарандарынын, аскер кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо керек экендиги айтылган. 
Муну жаңы келген Украина өкмөтү “бул кадам мамлекеттик чек араны бузбоо келишимин одоно бузат” деп билдирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан