1- Март 2014 -жылы Украинанын Харьков шаарындагы кагылышуудан 97 адам жабыркаган
Харьков шаарынын облустук администрациясынын имаратынын алдында Орусияны жактаган активисттер митинг өткөрүшкөн. Анда алар облустук администрацияга чабуул коюшуп, кайтарып турушкан жаңы бийликтин өкүлдөрүн кууп чыгышкан. Митингчилер облустук администрацияга Орусиянын желегин илип алышкан. Ошондон улам чыккан кагылышуудан 97 адам жабыркап, айрымдары оор абалда болгон. 
Ошондой эле бул күнү Донецк шаарында да облустук администрацияны басып алууга аракет жасалган. Ал жакта митингге чыккандар Киевдин карамагынан чыгуу талабын коюшкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан