2- Март 2014 -жылы
Хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогунда Макао чемпион болгон
Хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогунда Макао чемпион болгон. Алар Кыргыз курама командасы менен финалда бет келишкен. Жыйынтыгында Макао курамы каршылаштарын 5:4 эсебинде утуп алган.
Хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогу Бишкек шаардык муз аянтында 24-февралдан 2-мартка чейин болгон. Ага Кыргыз өлкөсү, Индия, Сингапур жана Макаонун курама командалары катышкан.