1- Апрель 1984 -жылы
Кыргыз ССР Өкмөтү жаш үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын оңдоо максатында пайызсыз насыя берүү туурасында токтом кабыл алган
Кыргыз ССР Өкмөтү жаш үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын оңдоо максатында пайызсыз насыя берүү туурасында токтом кабыл алган. Өкмөт токтомуна ылайык республиканын өнөр жай, ишкана жана мекемелери жаш үй-бүлөлөр үчүн 8 жылдык мөөнөткө 1500 рубль көлөмүндө насыя берүү маселеси чечилген. Эгер каралган мөөнөт аралыгында жаш үй-бүлө 1 наристени жарык дүйнөгө алып келсе, насыя 200 рублга кыскарган. Экинчи бала төрөлсө анда алар мамлекетке 300 рубль аз акча төлөшкөн.