1- Апрель 2009 -жылы Кыргыз өлкөсүндө тамеки продукцияларын жарнамалоого тыюу салынган
Кыргыз өлкөсүндө тамеки продукцияларын жарнамалоого тыюу салынган. Эгер мыйзамды аткаруу бузулса, 50 миң сомго чейин айып салынат деп каралган.
Тамекинин тарыхына токтолсок, биздин доорго чейинки I кылымда америкалык индеецтер тамекини медициналык жана диний багытта колдоно башташкан.
Тамеки жал­бы­рагын ооруну басуучу каражат катары жаралар­га та­ңыш­кан, тиш ооруганда басышкан.
1492-жылы Христофер Колумбга америкалык индеецтер тамекини белек катары беришкен. Ошондон көп өтпөй тамеки Европага алып келинип, тарай баштаган.
1596-жылы Европада тамеки баш ооруну айыктыруу үчүн колдонулууга өткөн. Ал үчүн жыттоо керек эле. Эл тамекинин дарылык касиетине ишенишкендиктен, тамеки бат эле популярдуу болуп кеткен. XVI кылымда тамеки бүтүндөй Европага жайылган.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнө орустар келе баштагандан кийин таркаган.
1977-1978-жылдары СССРде тамеки кутуларынын сыртында “Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет: Тамеки тартуу ден соолугуңузга зыян” деген жазуулар жазыла баштаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан