Кикбокс сүйүүчүлөр жана профессионалдар арасында Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, Азиянын жана Евразиянын чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, кикбоксчу Порсуков Али Акбарович Дагестан республикасынын белгилүү спортчулар чыккан Хасавюрт районунун (эркин күрөш боюнча бир нече жолку Олимпиада чемпиондору – бир тууган Сайтиев жана Батировдор да дал ушул райондун кулундары болуп саналышат) Аксай айылында туулуп-өскөн. Үй-бүлөдө 2 эле бир тууган болуп, иниси экөө бирге чоңоюшкан. Болгондо да жөн үй-бүлөдө эмес, Социалисттик эмгектин 2 жолку баатыры Акбар Порсуковдун үй-бүлөсүндө өскөн. Андыктан анын жашынан эле мыкты тарбия алып, спортко жакын болуп чоңойгондугу айтылып келет.