2- Апрель 1962 -жылы
Фрунзелик архитекторлор борбор шаарда курула турган кичи райондордун орун алышына байланышкан жыйын өткөрүшкөн
Фрунзелик архитекторлор борбор шаарда курула турган кичи райондордун орун алышына байланышкан жыйын өткөрүшкөн. Жыйынга Москва, Ленинград, Новосибирск, Ташкент жана Душанбе шаарларынан атактуу архитекторлор катышып, Кыргызстандын ордо калаасынын курулуш принциби, жасалгаланыш жөрөлгөсү жөнүндө пикирлерин билдиришкен. Архитекторлордун сунушуна ылайык борбор шаардын чыгыш тарабына 1000 гектарлык фабрика, завод, складдар үчүн "өнөр жай ишканалары орун алчу" жер камдашкан. Чыгыш промзонанын долбоорун даярдоо иши фрунзелик жана москвалык архитекторлорго жүктөлгөн.