1- Март 2014 -жылы “Орусия сулуусу-2014” сынагында 23 жаштагы Юлия Алипова жеңүүчү болгон
“Орусия сулуусу-2014” сынагында Саратов облусунун Балаково шаарынын тургуну, 23 жаштагы Юлия Алипова жеңүүчү болгон. 
2-орунду Ростов облусунан Анастасия Костенко жеңсе, 3-орун ээси москвалык Анастасия Решетова болгон.
Сынакка 50 кыз катышып, добуш берүүнүн негизинде 20 катышуучу кийинки баскычка чыккан. 20 катышуучунун ичинен бикини сынагынын жыйынтыгында 10 катышуучу калып, алар уюштуруучулар тарабынан даярдалган кошумча суроолорго да жооп беришкен.
Жеңиш ээси бриллиант менен кооздолгон алтын таажы тагынып, андан тышкары сыйлык катары 100 000 доллар өлчөмүндөгү акча каражатына жана автоунаага ээ болгон. Бул жеңиш Алипованын Орусиянын желеги астында “Дүйнө сулуусу” сынагына чыгуусуна шарт түзгөн.  
Юлия Алипова Москва энергетикалык институтунда инженер жана котормочулук боюнча 2 жогорку билимге ээ болгон. Анын боюнун узундугу 179 сантиметр болсо, параметри 89-63-90ду түзгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан