3- Март 2014 -жылы
Бишкекте доллардын баасы рекорддук чекке жеткен
Бишкек шаарында 1 доллардын баасы 60 (сатуу) сомду түзгөн. Ал эми сатып алуу - 57 сом болгон. Ушундай эле өсүш евродо да байкалган. Бул күнү түшкө жакын 1 евро 76 (сатуу) сомду түзсө, түштөн кийин 80 (сатуу) сомду чапчыган. Айрым эксперттер мындай көрүнүш кооптонууну жаратарын билдиришкен.