3- Март 2014 -жылы Нигерияда “Боко Харам” радикал экстремисттердин чабуулунан набыт болгондордун саны 90го жеткен
“Боко Харам” радикал экстремисттердин Нигериянын түндүк-чыгышындагы чабуулунан 90го жакын адам каза тапкан. 
Майдугури шаарындагы теракттан 43 адам набыт болгон. Футбол көрүү үчүн келгендер аталган экстремисттик уюмдун курмандыгына айланышкан. Мындан сырткары Майдугури шаарынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Майнок кыштагындагы баскынчылардын чабуулу 40тан ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен. Окуяга күбө болгондордун айтымында, террорчулар кыштакка кирип, адамдарга карата ок чыгара башташкан. Жыйынтыгында кыштактагы бардык үйлөр өрттөлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан