3- Март 2014 -жылы Жусупжан Жээнбеков Жалал-Абад облусунун башчысы болуп дайындалган
Жусупжан Жээнбеков өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Ал эми мурунку облус башчысы Жусубали Торомаматов башка ишке которулганына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Жусупжан Жээнбеков 1956-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Ош технологиялык университетин аяктаган.
2005-2006-жылдары (Бакиевдин бийлиги тушунда) Жалал-Абад облусунун губернатору болуп, 2007-жылы КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке депутат болгон.
2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген. Ал эми 2012-жылдын 17-январында аталган дирекциянын башчысы болуп дайындалган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан