1- Март 2014 -жылы
Кытайдын Куньмин шаарындагы темир жол бекетинде террорчулардын кол салуусу болгон
Кытайдын Куньмин шаарында темир жол бекетиндеги террордук кол салуудан 34 адам каза таап, 100дөн ашуун адам жаракат алган.
Капкара кийинген 10дон ашык адам чоң, узун бычактары менен темир жол бекетиндеги жүргүнчүлөрдү четинен өлтүрүп киришкен. Бир нече мүнөттүн ичинде темир жол бекети кызыл жаян канга боёлуп, өлүктөр жана жабыркагандар толуп чыккан.
Жергиликтүү полиция кызматкерлери окуя болгон жерден 4 кылмышкерди атып өлтүрүшкөн жана бирөөсүн колго түшүрүшкөн.
Кытай бийликтери бул ишти уюштурууга Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун сепаратисттерин күнөөлөп, алар катуу жазаланышарын айтышкан.
Куньмин шаары - Кытайдын ири провинциясы Юньнандын борбору болуп, анда 6 миллиондон ашык адам жашаган.