4- Март 2014 -жылыВиктор Янукович Путинден аскердик жардам сураган
Виктор Янукович Орусиянын президенти Владимир Путинден украиналыктарды коргоо жана өлкөсүндөгү стабилдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн орусиялык аскерлерди колдонууну суранган.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин 4-марттагы чукул жыйынында БУУнун Орусиядагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин Януковичтин Путинге жолдогон катын окуп, анын фотокөчүрмөсүн да көрсөткөн.
Кайрылууда Янукович Киевде бийликти мыйзамсыз басып алуу болгонун, Украинаны хаос жана анархия ээлеп алганын, кырдаал жарандык согуштун оозунда турганын айткан.