4- Март 2014 -жылы Аалымдар кеңешинин төрагасы кызматына Абдышүкүр Нарматов шайланган
Бишкекте өткөн Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз V Курултайында Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
Аалымдар кеңешинин төрагасы 1 жылга шайланып, анын мүчөлөрүнүн саны 14 адамга кыскартылып, 21 адамдан турган. Ошондой эле кеңештин отурумуна муфтий, орун басарлары жана казылар катышып, бирок шайлоо укугуна ээ болгон эмес. Муфтий Аалымдар кеңешинин төрагасы болууга мүмкүн болгон эмес. 
Нарматов Абдышүкүр Исламидинович 1968-жылы 8-февралда туулган. Ал 1985-жылы Шураб шаарына караштуу №11-орто мектебин бүтүрүп, 1989-1993-жылдары Ташкенттеги "Имам Бухари" университетинен, 1993-2000-жылдары Египпеттеги Каир шаарынын "Аль-Азхар" университетинин шарият жана фикх илимдери боюнча билим алган. 2003-2006-жылдары "Алтын муун" кайрымдуулук фондунун мүдүрү, 2000-жылдан тартып Кыргызстан Ислам университетинин ректору кызматын аркалап келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан