4- Март 2014 -жылы Максатбек Токтомушев Кыргыз өлкөсүнүн муфтийи болуп шайланган
Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз V Курултайында Максатбек ажы Токтомушев муфтий болуп шайланган. Добуш берүүдө 195 делегаттын 194ү макул болуп, бири каршы чыккан.
Максатбек ажы Токтомушев муфтийликке жалгыз талапкер болгон. Ал 1973-жылдын 9-августунда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулган. Билими жогорку, 1998-2005-жылдары Пакистандын Лахор шаарындагы “Медресе Арабия” университетинин шарият факультетин бүтүргөн. 2010-2013-жылдары Бишкек шаарынын казысы, 2013-жылдан баштап муфтийдин орун басары болуп иштеп келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан