5- Март 2014 -жылы
Кыргыз өлкөсүндө 3 майрамды мамлекеттик деңгээлде белгилөөнү токтотуу боюнча өкмөттүн сунушун депутаттар колдогон эмес
Жогорку Кеңеште Кыргыз өлкөсүндө 3 майрамды мамлекеттик деңгээлде белгилөөнү токтотуу боюнча өкмөттүн сунушун депутаттар колдогон эмес.
Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун сунушу, 23-Февраль – Мекенди коргоочулар күнү, 1-Май – Эмгек күнү, 7-Ноябрь – Улуу Октябрь революциясынын күнүндөгү дем алыш күндөрүн Жаңы жыл майрамына бириктирүү болгон. Ал эми майрам күндөрү өзү кала бермек.
Талкууда депутаттар майрамдардагы дем алыш күндөрүн ары-бери которуштуруунун зарылдыгы жок экенин айтышкан. Ал эми министрге катуу сындар айтылган. Жыйынтыгында мыйзам долбоору кайрадан тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.