4- Март 2014 -жылы Евромайданда митингчилердин алдында ырдаган украиналык ырчы Руслананы Мишель Обама эрдиги үчүн сыйлаган
АКШнын президенти Барак Обаманын жубайы Мишель Обама украиналык ырчы айым Руслананы “International Women of Courage” ("Эрдик көрсөткөн айымдар") сыйлыгы менен сыйлаган. АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан жылына тапшырылуучу сыйлык Руслананын Евромайданда оппозиция тарабында болгону менен түшүндүрүлгөн. Сыйлык тапшыруу аземи АКШнын Мамлекеттик департаментинде өткөн.
Руслана өмүрүнө коркунуч келгенине карабай Евромайданга барып, митингчилердин алдында ырдаган.
Руслана 2004-жылы “Евровидение” сынагын утуп алган. Кийин ал Украинанын Жогорку Радасына депутат болуп шайланган. Ал майданга активдүү катышып, алгачкы апталардан тарта эл алдында Украинанын гимнин ырдап турган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан