3- Апрель 2005 -жылы
Кыргыз парламентарийлери Кыргыз Республикасынын биринчи президенти Аскар Акаев менен Москва шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн
Кыргыз парламентарийлери Кыргыз Республикасынынын биринчи президенти Аскар Акаев менен Москва шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Сүйлөшүү президенттин бийлик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу маселесине арналып, анын натыйжасында Аскар Акаев эки тараптуу протоколго кол койгон. Протоколдо биринчи президенттин укуктарын коргоого байланышкан төрт шарт каралган.