3- Апрель 1948 -жылы тарыхчы Анварбек Мокеев туулган
Кыргызстандагы заманбап тарыхчылардын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор Анварбек Мокеев Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Чычкан (Жеңиш) айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1971-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун адегенде Кыргыз мамлекеттик университетинен баштап, кийин СССР Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу Институтунун Ленинграддагы бөлүмүндө аспирантурада окуп, тарых илимдеринин кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Кыргызстандагы чыгыш таануу илиминин калыптанышына А.Мокеевдин салымы бар. Ал 1991-жылы Мамлекеттик университетте Чыгыш таануу бөлүмүн, 1992-жылы Гуманитардык университеттин Чыгыш таануу факультетин куруп, жаңыдан эгемендик алган өлкөдө чыгыш таануу илиминин пайдубалы түптөлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан