3- Апрель 1948 -жылы
АКШ президенти Гарри Трумэн "Маршаллдын планын" жактырган
АКШ президенти Гарри Трумэн "Маршаллдын планын" жактырган. Маршалл планына жараша европалык 17 өлкө 4 жыл ичинде 13,15 млрд доллар (АКШнын улуттук продуктысынын 5 %) көлөмүндө финансалык жардам алган. Ошентип согуш запкысын тарткан мамлекеттер кыска аралыкта экономикасын оңдоп алууга жетишкен. Британдык тарыхчы Арнолд Тойнби "Маршаллдын планын" ошол убактын эң жогорку жетишкендиги катары баалаган.