4- Апрель 1953 -жылы Эл акыны Акбар Рыскулов туулган
Эл акыны Акбар Рыскулов Кемин районундагы Чымкоргон айылында туулган. 1975-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун "Ленинчил жаш" гезитинин редакциясында корректор болуп иштөө менен баштаган. Кийин котормочу, кабарчы, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орунбасары, ал эми 1986-жылы гезиттин редактору болуп иштеген. 1983–1986-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын аппаратында чыгармачыл жаштар менен иштөө боюнча адабий кеңешчи, "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчысы болгон. Ал эми 1987-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында катчы, 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси, 1993-жылдан "Кыргызкабар" Мамлекеттик маалымат aгенттигинин директору, 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин Ишенимдүү Өкүлү, 1996-жылдан Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси болуп 2001-жылдын августуна чейин иштеген. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы,
2004-жылдын мартынан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Толук ыйгарымдуу Элчиси болуп дайындалган.
Акбар Рыскуловдун "Көгүчкөндөр бийик учушат" аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1975-жылы чыккан. Акын И.Мазнин, Л.Левчев, Хо Ши Минд, И.Гёте ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Акындын "Мезгил жебеси" поэтикалык жыйнагы жана "Күрөө тамыр" поэмасы 1983-жылы республиканын Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. А.Рыскулов – “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” жана Казакстандын “Маданият кызматкери” наамдарынын ээси.
А.Рыскуловдун чыгармалары орус, казак, англис, француз, немис, хинди тилдерине которулган.
Акбар Рыскулов 1978-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1979-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан