4- Апрель 2013 -жылы
Бишкекте бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн
Бишкекте бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн. Бул жолугушууну акыйкатчы Турсунбек Акун демилгелеп чыккан.
Иш-чарага бийликтен Жоомарт Оторбаев, Экономика министри Темир Сариев, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, ал эми оппозиция тараптан "Кыргызстанды сактоо" кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев баштаган топ катышкан. Буга чейин жолугушууга катышары айтылган парламенттеги оппозициялык азчылыктын өкүлдөрү келишкен эмес. Ал эми Азимбек Бекназаров президент Алмазбек Атамбаев катышпаганы үчүн келүүдөн баш тарткан.
Оппозиция өкүлдөрү "Кумтөр" боюнча келишимди бузуу, Кыргызстанда иштеп жаткан Кытай жарандарынын санына квота коюу өңдүү талаптарды коюшкан. Жоомарт Оторбаев мындай жолугушуулардын пайдалуу экенин белгилеп, мындан ары да өткөрүп турууну сунуштаган.