4- Апрель 1983 -жылы
америкалык "Челленжер" космостук кемеси биринчи жолу учурулган
Америкалык "Челленжер" космостук кемеси биринчи жолу учурулган.
Ал эми 1986-жылдын 28-январында дүйнөлүк коомчулук америкалык "Челленджер" космостук кемесинин талкаланганына күбө болгон. "Челленжер" космостук кемеси Флорида штатындагы Канаверал булуңунан белгиленген убакытта абага көтөрүлүп, учкандан 73 секунд өткөн соң космостук кемеси жарылып, бир заматта ал жаркыраган булутка айланган. Кеменин 7 экипажынын бири да мындай техногендик каргашадан аман калган эмес.