9- Апрель 1976 -жылы
БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов туулган
“Республика” фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутаты Акылбек Эшимов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жарооз айылында туулган. А.Эшимов 2003-жылы Ош технологиялык университетинин юридикалык факультетинде окуп, жогорку билимге ээ болгон. Ошол эле жылы эмгек жолун баштап облустук басмаканын даяр продукциясын сатып иштеген. Ал эми 2006-2008-жылдары басмаканын даяр продукцияларын сатуу боюнча менеджер боло алган. 2010-жылдын октябрында "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышындагы депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.