Ырчы Артык Саитов Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Шыдыр айылында төрөлүп-өскөн. Жети бир туугандын улуусу. Артык Саитов Орусиянын Красноярск крайындагы техникумду инженер-химик адистиги боюнча бүтүргөн. Сапар Эркебаев менен биргеликте аткарган "Атага кат" ыры менен эл оозуна алынган.