5- Апрель 2011 -жылы
Бишкек шаарынын Кино үйүндө кандуу апрель окуясынын бир жылдыгына арналган кыска метраждуу 4 фильмдин бет ачары болгон
Бишкек шаарынын Кино үйүндө кандуу апрель окуясынын бир жылдыгына арналган кыска метраждуу 4 фильмдин бет ачары болуп өткөн. Тасмалар “Айтыш Фильм” жана “Тумар Фильм” киностудиялары тарабынан тартылган.
Садык Шер-Нияз режиссёр болгон “Сизге жооп” даректүү тасмасы, Венера Жаманкулованын “Кайрат” фильми, Тынчтык Акималиевдин “Бүтө элек түштөр” жана Бахтияр Сейтказиевдин “Наушник” көркөм фильмдери көрсөтүлгөн. Тасмалардын бет ачарына бийликтин өкүлдөрү да келишкен.