5- Апрель 1969 -жылы Ырчы Токтобүбү Черикчиева төрөлгөн
Ырчы Токтобүбү Черикчиева Нарын облусунун Ак-Талаа районунда төрөлгөн. 4-классынан баштап комуз ийримине барган. 8-классты бүтүп, Самара Токтакунованын колуна түшүп, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга кыйынчылыксыз өтүп кеткен. Окуусу менен катар Эстебес Турсуналиевдин "Эл шайырлары" тобунда иштеп, алар менен гастролдорго чыгып калган. Ошондон тартып Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Мыктыбек Үмөталиев, Толтой Мураталиев өңдүү залкар адамдар менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк алган. 15 жашынан бери иштеп келген филармониядан 2010-жылы кеткен.
Токтобүбү Черикчиева "Жалгыздыктан жадап бүттүм", "Колукту", "Сүйгөн жар", "Сүйүүңдү сүртүп кеттиң" ж.б. ырларды жеткиликтүү аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан