Советтик окумуштуу жана телеалпаруучу Сергей Капица Улуу Британиянын Кембридж шаарында туулган. Атасы белгилүү советтик физик, "Нобель" сыйлыгын лауреаты Пётр Леонидович Капица болгон. Сергей Капицанын үй-булөсү 1935-жылы Москвага кайтып келип, ошол жакта жашап калган. 1949-жылы Москвадагы авиациялык институтту аяктап, ошол жылдан баштап илимий иштерин баштаган.