12- Апрель 1945 -жылы Американын президенттик постуна 4 ирет катары менен шайланган Франклин Рузвельт каза болгон
Американын президенттик постуна 4 ирет катары менен шайланган Франклин Рузвельт каза болгон.
1910-жылы АКШнын Демократиялык партиясынан сунуш түшүп, Рузвельт өзү жашаган административдик аймакта Нью-Йорктун мыйзам чыгаруучу органына сенатор катары талапкерлигин койгон. Натыйжада жеңишке жетишип, кийинчерээк президенттин администрациясына министрдин жардамчысы болуп калат. Ал эми 1914-жылы АКШнын Конгрессинин сенаторлук ордуна ээ болуу үчүн аракет кылып, бирок ишке ашпай калган. 1928-жылы Нью-Йорктун экономикалык, политикалык штатына байланыштуу губернатору болуп шайланып, Ак Үйгө жол ачылат. Губернаторлук постто 2 мөөнөт шайлануу менен Рузвельт президент болууга керек боло турган баалуу тажрыйбага ээ боло алат. 1931-жылы экономикалык кризис күчөп турган маалда ал штатта жумушсуздардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү боюнча өзгөчө кырдаалдагы Убактылуу администрацияны түзөт. Анын топтогон тажрыйбасы 1933-жылы президенттик тактыга жетүүгө жардам берип, ал 4 ирет бийлик башына шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан