Кыргыздын улуттук колоритин сактап, мукамдуу үн созгон жаш ырчы Самара Каримова Лейлек районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрлук бөлүмүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош шаарына которулган. Ырчынын репертуарында 30дан ашык ыры, 10го жакын клиби бар."Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча Самара Каримова "2014-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон.2011-жылы музыкант, Ош драма театрынын жетекчиси Аман Мансуровго турмушка чыгып, үч балалуу болушкан. Улуусу Барсбек 2012-жылы, кызы Даткайым 2013-жылы, кичүү уулу Алихан 2015-жылы төрөлгөн.