9- Апрель 1336 -жылы Орто Азия жана Кавказдын тарыхында маанилүү ролду ойногон белгилүү кол башчы, эмир Темирлан туулган
Моголдордун тез-тез кол салуусунан жана элдик кыймылдардан тажаган Мавераннахрдын феодалдары жана көпөстөрү душмандардын мизин кайтарып, ички тартипти колго алган күчтүү мамлекет башчысы боло турган инсанды издеген. Андай адам Темир (1336-1405-жж.) болуп чыккан. Ал дүйнөгө Эмир Темир, Аксак Темир, Темирлан, Тамерлан, Тимурланг, Тимур Барлас, Амир Темир көрөгөн, Тимур Тарагай деген ысымдар менен белгилүү болгон.
Орто Азия жана Кавказдын тарыхында маанилүү ролду ойногон белгилүү кол башчы, эмир Темирлан Шахрисяб шаарына жакын Кожо-Илгар кыштагында Тарагайбектин үй-бүлөсүндө туулган. Түрктөшкөн монголдук барлас уруусунан болгон. Ал 1370-1405-жылдары өзү негиздеген мамлекеттин эмири болгон. Жаш кезинен эле согуш ишин жакшы билгендиги, эр жүрөк каармандыгы жана жетекчилик сапаты менен айырмаланган. Тоглук-Темир Мавераннахрды басып алганда Темир моголдорго кызмат өтөгөн. 1361-жылы Казагандын небереси Хусейин эмир менен шериктештик келишим түзөт, бирок 1370-жылы аны туткундап алып өлүм жазасына тартат да, мамлекетти өзү жалгыз бийлеп калат. Эрктүү жана ырайымсыз, куу жана арамза Темир өмүрү өткөнчө өзүнүн элин жана бөтөндөрдү талап-тоноп байыган, көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз жазалаган, согуштарды варварлык ыкма менен жүргүзүп, согушта басып алган, туткунга түшкөн миңдеген адамдарды кулчулукка саткан. Ал өмүрүнүн акырында Жер Ортолук денизинен Чыгыш Түркстанга созулган империя түзө алган. 1391-жылы жана 1395-жылы Алтын Ордонун ханы Токтомушту талкалаган. 1393-жылы Багдадды жана ЭкиДарыя аралыгын (Месопотамияны), 1398-1399-жылдары Индиянын түндүк жагын, 1401-жылы Сириянын бир кыйла бөлүгүн ээлеген. Ордосу Самарканд шаарында болгон. Кытайга жортуулга баратып, 1405-жылы 18-февралда Отрар (азыркы Түркстан шаарына жакын) шаарында каза болуп, Самарканддагы өзүнүн атактуу көрүстөнүнө коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан