6- Апрель 1939 -жылы
Сатирик, жазуучу Мамыр Иминжанов туулган
Сатирик, жазуучу Мамыр Иминжанов Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнө караштуу Кыдырша айылында туулган. Айылдагы орто мектепти аяктап, 1964-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1964-1966-жылдары мектепте мугалим, 1966-1972-жылдары Кара-Суу райондук "Эмгек майданы", Ош облустук "Ленин жолу" гезиттеринде кызматкер, 1972-1980-жылдары облустук телерадио комитетинде башкы редактордун телекөрсөтүү боюнча орун басары, 1980-1995-жылдары республикалык телерадиокомитетинде адабий-драмалык редакциясында улук редактор, 1995-2002-жылдары "Ош–3000" теле каналында кызматкер болуп иштеген. Ал "Кутмандуу болсун күнүңөр", "Бетке айткандын заары жок" адабий-сатиралык радио журналдарын 15 жыл даярдап чыгарып, республиканын аймагына кеңири тараган "Ыр кесе" оюн-зоок программасынын автору болгон. Чыгармачылык жолу 1965-жылдын октябрь айында "Чалкан" журналына "Мандайыма жазылганы" аттуу алгачкы сатиралык аңгемеси басылган учурдан башталган. Ошондон баштап республикалык гезит-журналдарда анын сатиралары жарыяланып, радиодон берилип келген. 2007-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги" болгон. 1981-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.