
Жазуучу, журналист Асан Заркунов Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетин аяктаган.
1958-1959-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинин редакциясында адабий кызматкер, 1959-1998-жылдары Куйбышев атындагы орто мектебинде кыргыз тили, адабияты сабагынын мугалими, директор болуп иштеген. 1998-жылы ардактуу пенсияга чыккан.
1977-жылы Асан Заркуновдун "Сыйкырдуу ариптер" аттуу повесттер жыйнагы жарык көргөн. Андан сырткары "Жоокердин жары", "Жоогазындар гүл ачаарда" пьесаларын жазган.
1977-жылы "Кыргыз Эл агартуу отличниги", 1985-жылы "СССР Эл агартуу отличниги" төш белгилери менен сыйланган жана 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими" ардактуу наамына, ошондой эле Нарын обкомунун Ардак грамотасы, Орто Азия аскер округунун Ардак грамотасы, Кыргызстан КП БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин V съездинин делегаты болгон.
1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, 1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.