Англиялык биолог, эволюционист жана гуманист, ЮНЕСКОнун туңгуч жетекчиси Жулиан Хаксли көз жумган. Эволюциянын синтетикалык теориясынын жаратуучуларынын бири. Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун түзүлүшүнө чоң салымын кошкон. Оксфорд университетинин Бейллиол-колледжин аяктап, 1910-1912 жылдары ошол жакта зоологиядан лекция окуган. 1956-жылы Дарвин Падышалык коомдон медалга ээ болсо, 1958-жылы рыцардык наамга ээ болгон. Жулиан гуманизмдик баалуулуктарды жайылтууга активдүү катышкан жана А.Эйнштейн, Т.Манн жана Д.Дьюи менен биргеликте Нью-Йорктун биринчи гумандуу коомунун жетекчилигине кирген (First Humanist Society of New York).